Күйүүчү майдын запасы жетиштүү: Министрлик абал туруктуу экенин билдирди

Экономика 01 Июль 2026 14:40
736020604_891120540711519_4057549987086302632_n.jpg
734896996_3469127453240060_6495349046167209875_n.jpg
735909150_1331643525132798_2748615398809182701_n.jpg
736290105_1647144226353438_1965873962610256435_n.jpg
736988443_1006811495091818_6145210164586046250_n.jpg
737721929_1354384796637442_358386440277586255_n.jpg
Алдыга
Артка
736020604_891120540711519_4057549987086302632_n.jpg
734896996_3469127453240060_6495349046167209875_n.jpg
735909150_1331643525132798_2748615398809182701_n.jpg
736290105_1647144226353438_1965873962610256435_n.jpg
736988443_1006811495091818_6145210164586046250_n.jpg
737721929_1354384796637442_358386440277586255_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Энергетика министрлиги ички рыноктогу күйүүчү-майлоочу материалдардын абалын күн сайын көзөмөлдөп жатат.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда республикада КММдин жетиштүү запасы түзүлдү жана жеткирүү иштери келишимдердин негизинде туруктуу жүрүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу жана дүйнөлүк баалардын өсүшү ички рынокко таасирин тийгизип жаткандыктан, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун сактоо боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө.

"Учурда күйүүчү майды үзгүлтүксүз ташуу максатында Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жакында эле президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Эрлист Акунбеков жана энергетика министри Алтынбек Рысбеков баштаган жетекчилер "Жунда" мунай иштетүүчү заводуна жана "Кыргызнефтегаз" ишканасына барып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү тапшырмаларын беришти.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы нефтетрейдерлер менен биргеликте баа саясатын жана логистика маселелерин тынымсыз көзөмөлгө алууда.

Энергетика министрлиги өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо иши пландуу түрдө уланып жатканын жана абал мамлекеттин туруктуу көзөмөлүндө экенин баса белгилейт.