Энергетика министрлиги: Өлкө боюнча 6 жаңы көмөк чордон курулууда

Коом 20 Июнь 2025 11:15
1.jpg
504454881_18067554749476120_3876534384880440455_n.jpg
504492117_18067554704476120_9163065195173327839_n.jpg
504822025_18067554731476120_585193763353292518_n.jpg
505455341_18067554728476120_8841185303471010392_n.jpg
506019518_18067554719476120_7803826238025937017_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК республика боюнча 6 жаңы көмөк чордон куруп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 110 кВ жана 35 кВ чыңалууга ээ көмөк чордондордун курулуш иштерин жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Курулуп жаткан объектилер:

  • Бишкек шаарындагы “Алтын-Казык” 110/10 кВ көмөк чордонуна 2-кезек куруу;
  • Жалал-Абад облусунда 110/35/10 кВ “Дача” көмөк чордонун куруу;
  • Баткен облусунда 110/35/10 кВ “Промышленная” көмөк чордонун куруу;
  • Нарын облусунда 110/35/10 кВ “Кур Терек” көмөк чордонун куруу;
  • Нарын облусунда 35/10 кВ “Талды-Суу” көмөк чордонун куруу;
  • Ош облусунда 35 кВ “Абшыр” көмөк чордонун курулушу.

Ошондой эле "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун алкагында Жыргалаң өрөөнүндө тиешелүү инфраструктура курулушун электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 35/10 кВ көмөк чордонунун жана Бишкек шаарында 110/35/10 кВ "Мурас" көмөк чордонунун курулушу уланууда.