Энергетика министрлиги коңшу өлкөлөрдөн келчү транзиттик электр энергиясынын көлөмү качан ачыкталарын айтты

Экономика Загрузка... 12 Сентябрь 2025 15:35
3348093.3edd163e558.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Үч ай сайын Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан энергетика тармагындагы өз ара кызматташуу боюнча жолугушууларды өткөрүп турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, жолугушууларда тараптар энергетика тармагындагы маселелерди, анын ичинде жайкы мезгилдин жыйынтыгын чыгаруу, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, жакынкы пландарды жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Энергетика министрлигинен коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын экспорттоо жана импорттоо нур менен көлөмү боюнча так сандар качан белгилүү болорун айтышты.

Алардын маалыматы боюнча, электр энергиянын көлөмү октябрь айынын аягында кезектеги жыйындын жыйынтыгында белгилүү болот.

Министрликтен мурдараак маалымдашкандай, 7-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча кезектеги жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында 2025-2026-жылдардын жаз айларына чейин электр энергиясын жеткирүү боюнча өлкөлөр ортосунда протоколго кол коюлган.

Документтин негизги максаты Токтогул суу сактагычындагы сууну сактоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күз-кыш мезгилинде Казакстан менен Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча тараптардын милдеттерин аныктоо болуп саналат.

Мындан тышкары, Казакстандын энергетика системасы аркылуу Россиядан Кыргызстанга электр энергиясын транзиттөө жана Өзбекстандын энергетика системасы аркылуу Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын транзиттөө шарттары макулдашылды.