Энергетика министрлиги Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы менен кызматташат

Коом 10 сентябрь 2025 11:20
546834697_774319168526394_599392642197625674_n.jpg
545777653_774319131859731_1385779303384397846_n.jpg
545397820_774318978526413_1278685332631910711_n.jpg
546650640_774319215193056_3218517232510485229_n.jpg
Алдыга
Артка
546834697_774319168526394_599392642197625674_n.jpg
545777653_774319131859731_1385779303384397846_n.jpg
545397820_774318978526413_1278685332631910711_n.jpg
546650640_774319215193056_3218517232510485229_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Энергетика министрлиги Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы менен кызматташат.

Ведомстводон билдиришкендей, энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков Кореянын борбордук жылытуу корпорациясынын (KDHC) директору Чон Ён Ги менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар энергетика тармагында кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, технология жана тажрыйба алмашуу, кадрларды даярдоо, ошондой эле Корея өкмөтүнүн расмий өнүктүрүү жардамы аркылуу программаларды ишке ашыруу жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында, энергетика тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документтин негизги максаты — туруктуу жана экологиялык жактан таза энергетикалык чечимдерди өнүктүрүү, билим жана адам ресурстары менен алмашууга көмөк көрсөтүү.

Маалымат үчүн: KDHC — Корея Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн мамлекеттик ишкана, баш кеңсеси Бунданг шаарында жайгашкан.