Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорундагы сейсмикалык коопсуздук боюнча маселелерге расмий түшүндүрмө берди.
Министрликтен билдиришкендей, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов Камбар-Ата 1 ГЭСин долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыздоо маселеси жөнүндө жана төмөнкүлөрдү билдирет:
Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо иштерине швейцариялык AFRI Switzerland Ltd компаниясы тартылып, сейсмологиялык коопсуздук боюнча дүйнөлүк адистер менен иш алып барган.
Алардын катарында:
- Доктор Мартин Виланд — AFRI компаниясынын ардактуу эксперти, 1999-жылдан бери ICOLD уюмунун (Дамбалар боюнча эл аралык комитет) сейсмикалык аспектилери боюнча комитетинин төрагасы;
- Стефан Эллерс жана башка эл аралык сейсмологдор бар.
Аталган адистер Борбор Азиядагы жана дүйнөлүк масштабдагы жер титирөөлөр боюнча маалыматтарды, геологиялык жана тектоникалык карталарды, спутниктен алынган сүрөттөрдү изилдеп, ГЭС курула турган аймак сейсмикалык талаптарга жооп берет деген корутунду чыгарган. Алар сунуш кылган гравитациялык бетон дамба долбоору учурдагы жүктөмдөргө туруштук берет жана коопсуз болуп эсептелет.
Ошондой эле, эл аралык эксперттердин катышуусундагы комиссия (DSPOE) дагы курулуш объектисин терең изилдеп, долбоордо коопсуздук чаралары жетиштүү экенин тастыкташкан.
Мындан сырткары, ГЭС куруу аймагында 3-5 сейсмологиялык станция орнотулуп, жер титирөөгө байланыштуу тобокелдиктер туруктуу көзөмөлдөнөт.
Министрлик баса белгилегендей, долбоор бардык эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыккан, ал эми айрым адистердин сын-пикирлери соңку маалыматтар менен тааныш болбой туруп айтылууда.
Мындан сырткары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ экени жана негизги иштерди баштоого даярдык жүрүп жатканы белгиленди.