Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында электр энергиясы кыска мөөнөттүү өчүрүүгө дуушар болууда. Социалдык тармактарда жарандар бир саат ичинде 3-4 жолу электр жарыгы өчкөнүн жазышууда.
“Кабар” агенттиги Энергетика министрлигине байланышканда кыска мөөнөттүү электр энергиясынын өчүрүлүшү көзөмөлгө алынганын кабарлады.
“Учурда энергокомпаниялар өчүрүүлөрдүн себептерин жана жагдайларын иликтеп жатышат. Өчүрүүнүн себептери жана жагдайлары боюнча тастыкталган маалымат берилет”, - деп белгилешти министрликтен.