Энергетика министри Сүлүктүдөгү мектептин курулушуна инвестор тартты

Аймак 07 Октябрь 2025 15:15
559937507_796493522975625_6860962882251423115_n.jpg
559918932_796493502975627_2045680359275374164_n.jpg
561209281_796493649642279_5840030186364415720_n.jpg
559728633_796493572975620_8990303146379555016_n.jpg
560304579_796493562975621_6931583223817470944_n.jpg
559705081_796493479642296_677564618711252290_n.jpg
560824871_796493792975598_2206829200728075723_n.jpg
561449253_796493776308933_2874312250687503554_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 250 окуучуга ылайыкталган И.Бектемиров атындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине онлайн форматта катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, 2024-жылы энергетика министри Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилине даярдыкты текшерүү үчүн Сүлүктү шаарына иш сапар менен барганда, мектептин окутуучулары менен жолугушкан. Анда мектеп директору азыркы мектеп эскилиги жетип, жараксыз абалга келгенин, окуучулар жаңы мектепке муктаж экенин билдирген.

Мындан улам министр инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүп, көмүр тармагында кызматташуунун алкагында Сүлүктүгө жаңы мектеп куруу сунушун киргизген.
Инвестор энергетика министринин сунушун кабыл алып, 2024-жылдын 29-июлунда Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому менен “У Линь Групп” ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлгөн.

Белгиленгендей, аталган долбоор инвестор — тоо-кен казып алуу компаниясы “У Линь Групп” ЖЧКсынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор жалпы наркы 165 000 000 сомду түзөт. Ал эми мектепти куруу иштерин аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын биринчи кварталына пландалууда.