Энергетика министри: Күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөттүк

Коом Жүктөлүүдө... 08 Июль 2026 10:25
725698097_3879150858894751_495878366083933551_n (1).jpg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 10.27.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 10.26.36 (1).jpeg
Алдыга
Артка
725698097_3879150858894751_495878366083933551_n (1).jpg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 10.27.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 10.26.36 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика системасы алдыдагы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү максатында комплекстүү даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбековдун катышуусунда өткөн кеңешмеде маалым болду.

Белгиленгендей, 2026-жылдын биринчи 5 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө электр энергиясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорулады. Жалпы өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 6 млрд 200,5 млн кВт саатты түзүп, белгиленген план 105 пайыз аткарылган.

Энергетика министринин айтымында, өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн негизги бөлүгүн гидроэлектростанциялар камсыздап, 5 ай ичинде 4 млрд 693,6 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлдү.

“Бишкек жылуулук электр борборунда электр энергиясын өндүрүү 1 млрд 147,9 млн кВт саатты түзүп, план 103 пайызга аткарылды. Ошондой эле чакан гидроэлектростанциялар тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 73 млн кВт саатты түзүп, белгиленген көрсөткүчтөн жогору болду”, - деди Рысбеков.

Ошондой эле күз-кыш мезгилинин туруктуу өтүшүн камсыздоодо негизги факторлордун бири — суу-энергетикалык ресурстардын жетиштүү көлөмдө болушу экендиги айтылды.

Энергетикалык балансты камсыздоо максатында электр энергиясынын импорту боюнча да алдын ала иштер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.