Энергетика министри: Коррупцияга каршы күрөш энергетикалык коопсуздуктун негизи

Коом Загрузка... 07 Октябрь 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Энергетика министрлигинде министр Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга министрликтин түзүмдөрүнүн, мамлекеттик ишканалардын жана ачык акционердик коомдордун жетекчилери катышты.

Кеңешменин негизги максаты энергетика тармагындагы коррупциялык тобокелдиктерди талдоо, ачыктыкты камсыздоо жана натыйжалуулукту жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгуу болду.

Министр Таалайбек Ибраев өз сөзүндө коррупцияга каршы күрөш энергетикалык туруктуулуктун жана эл ишениминин негизги фактору экенин баса белгилеп, төмөнкүдөй негизги тапшырмаларды берди:

  1. Ички көзөмөлдү күчөтүү – мамлекеттик ишканаларда жана ААКтарда эң коррупцияга аялуу тармактар боюнча квартал сайын аудит жүргүзүү;
  2. Ачыктыкты жогорулатуу – сатып алуулар жана инвестициялык долбоорлор боюнча маалыматтарды расмий сайттарда үзгүлтүксүз жарыялап туруу;
  3. “Нөлдүк толеранттуулук” принциптерин киргизүү – этикалык нормаларды бузгандарга карата дароо иликтөө жүргүзүп, жоопкерчиликке тартуу;
  4. Коомдук көзөмөлдү күчөтүү – эл менен ачык диалог жүргүзүп, энергетика кызматкерлеринин катышуусунда туруктуу жолугушууларды уюштуруу.
“Энергетикалык сектордун таза иштеши жарандардын ишениминин жана инвестициялардын башкы негизи. Биз ар бир жетекчиден жеке жоопкерчилик жана үлгү болууну талап кылабыз”, — деп билдирди министр Ибраев.

Жыйындын соңунда министрликтин түзүмдөрүнө 2025-жылдын 24-октябрына чейин коррупцияга каршы иш-пландарын иштеп чыгып, тапшыруу милдети жүктөлдү.