Энергетика министри: Быйыл кышында электр жарыгы өчүрүлбөйт

Коом 8 июль 2026 11:33
Энергетика министри: Быйыл кышында электр жарыгы өчүрүлбөйт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Алдыдагы кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдө күз-кыш мезгилине даярдык иштери учурда ыкчам жүрүп жатат.

“Учурда электр энергиясы менен кышкысын толук камсыз кылуу жана бардык пландалган иштерди аткаруу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Күтүлбөгөн жагдайлар болушу мүмкүн, эгер кандайдыр бир авариялык кырдаалдар жаралса, аларды ыкчам жоюу үчүн атайын бригадалар даярдалып, күчөтүлгөн режимде иш алып барышат”, - деди министр.