Энергетика министри: Алгачкы айлыгым 720 сом болчу, аны да убагында ала алчу эмеспиз

Коом Загрузка... 10 Июль 2026 15:35
77777777777.png

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. 2000-2009-жылдар аралыгында Кыргызстанда энергетика тармагында олуттуу кризис жаралып, электр энергиясынын тартыштыгы жана каржылык кыйынчылыктар орун алган. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Кабар подкастка” билдирди.

Анын айтымында, ошол учурда өлкөдө электр энергиясына болгон керектөө азыркыдай жогору болбосо да, тармакта олуттуу көйгөйлөр болгон. Айрыкча жабдуулардын жетишсиздиги жана керектүү тетиктерди сатып алуудагы кыйынчылыктар ишке тоскоолдук жараткан.

Министр белгилегендей, ал мезгилде энергетика тармагында иштеген кызматкерлер да олуттуу социалдык көйгөйлөргө туш болушкан. Тактап айтканда, айлык акылар кечигип берилип, кызматкерлер 5–6 айлап, кээде бир жылга чейин айлык албай иштеген учурлар өткөн.

“Биринчи ишке киргендеги айлыгым 620 же 720 сом болчу. Бирок, айлыкты убагында ала албай, болгону аванс менен иштеп жүргөн учурлар да болгон”, — деди министр.

Рысбеков азыркы абал менен салыштырганда энергетика тармагында шарттар кыйла жакшырганын белгилеп, бүгүнкү күндө энергетика тармагына керектүү жабдуулар жетиштүү деңгээлде кампалардын текчелеринде толуп турганын кошумчалады.