Эне жана баланы коргоо борборуна реабилитациялык жабдуулар тапшырылды

Ден соолук 14 Сентябрь 2025 12:28
c162b37b-3d76-4307-a555-51b4ea8aaf14-546377232_805805621846808_1665141449269542907_n.jpg
99ad1c94-a899-4ec1-b067-f0fae7abfbed-546623975_805807135179990_159258597634347739_n.jpg
78134b46-2261-4ee3-9491-f35e623e5b1c-545771661_805806961846674_428842325030692152_n.jpg
cbb254f6-0ec3-40a9-8152-337ef2204812-546214106_805804501846920_6101326468396491573_n.jpg
d9644d68-a5e6-471f-97c5-95b849f5d2c9-546279598_805806938513343_4384710240194388608_n.jpg
910b9998-f46c-4916-bfa8-cfdd09ec5543-514345477_805805578513479_1729762086772228341_n.jpg
c162b37b-3d76-4307-a555-51b4ea8aaf14-546377232_805805621846808_1665141449269542907_n.jpg
994817f0-f0fc-4ca7-aa0c-7a2c14f69a48-WhatsApp Image 2025-09-11 at 13.54.11.jpeg
ec3cffbb-d768-4d13-b257-bfb9371fefe8-WhatsApp Image 2025-09-11 at 13.54.12.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 14.09.25. /Кабар/. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна Rebless™ Planar инновациялык реабилитациялык жабдуусу тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар гуманитардык линия боюнча KOICA (Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги) жана кореялык H Robotics компаниясынын көмөгү менен алынып келинди. Жабдуунун наркы — 150 миң АКШ доллары.

Rebless™ Planar — неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийинки бейтаптарда кыймыл-аракетти жана күчтү калыбына келтирүү үчүн колдонулуучу жогорку технологиялык робот-тренажёр.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Корея өкмөтүнө, KOICAга жана H Roboticsке Кыргызстандагы медициналык реабилитацияны өнүктүрүүгө тынбай колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул жабдуу балдардын заманбап калыбына келтирүүчү дарылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтет жана медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатат», — деди министр.

Борбордун директору Шайирбек Сулайманов роботтук аппараттар жакшы натыйжаларды көрсөткөндүгүн билдирди.

"Практика бейтаптардын кыймыл функцияларынын жакшырышын, калыбына келүү мөөнөтүнүн кыскаруусун жана жашоо сапатынын жогорулашын тастыктады. 2024-жылы 1000ден ашуун өнөкөт оорулар менен жабыркаган бала реабилитациялык дарылоодон өттү. Жаңы жабдуулар менен балдар үчүн реабилитациялык программалар кеңеет", - деди дарыгер.

Эске салсак, 2024-жылы H Robotics Кореянын Мамлекеттик сатып алуулар кызматы жана Корея сатып алуулар институту тарабынан каржыланган 20 даана Rebless™ жабдуусун Кыргызстанга өткөрүп берген. Алар ЭжБКУБ, КММАга, Улуттук госпиталга, Жалал-Абаддагы «Бакыт» көп областык реабилитациялык борборуна жана Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына бөлүштүрүлгөн.