Эмне үчүн жумуртка кымбаттады? Адистердин түшүндүрмөсү

Экономика Загрузка... 04 Март 2026 18:37
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Акыркы күндөрү Кыргызстандын базарларында жумуртканын баасы көтөрүлгөнү байкалууда. "Кабар" агенттиги бул кымбаттоонун себептерин жана рыноктогу кырдаалды билүү үчүн тиешелүү адистерге кайрылды.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси Айпери Жусупбекованын айтымында, жумуртка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн тизмесине кирет, андыктан анын баасына жума сайын мониторинг жүргүзүлүп турат.

"Азыркы учурда жумуртканын баасы чынында эле жогорулаганы байкалууда. Мунун негизги эки себеби бар. Биринчиси — сезондук фактор жана канаттууларды эмдөө мезгили. Бул учурда рынокто продукциянын убактылуу азайышына алып келет. Экинчиси — өндүрүш чыгымдарынын өсүшү. Тактап айтканда, таңгактоо, логистика, тоюттун баасы, коммуналдык кызматтар жана электр энергиясынын тарифтеринин жогорулашы түздөн-түз баага таасир этүүдө", — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында рыноктогу кырдаалды терең талдап жатат.

Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө жумуртка өндүрүшү боюнча эч кандай кооптонуу жок экенин билдирди.

Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Улан Чекирбаевдин айтымында, канаттуулардын саны азайган жок.

"Бизде жумуртка өндүрүмдүүлүгү жакшы деңгээлде. 2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнү 85 пайызга чейин өзүбүздүн продукция менен камсыздаганбыз. Эл аралык ченемдерге ылайык, эгер ички керектөөнүн 80 пайызы жабылса, бул толук камсыздоо болуп эсептелет. Учурда эмдөө иштери жүрүп жаткандыктан, кичине мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн, бирок апрель айында өндүрүш кайрадан толук көлөмүнө чыгат", — деп ишендирди Чекирбаев.

Ошентип, адистер баанын көтөрүлүшүн убактылуу көрүнүш катары баалап, жаз айларында кырдаал турукташарын белгилешет.