Эмне үчүн түштүктө бензиндин баасы кымбатыраак? Адистин жообу

Экономика Загрузка... 17 Июнь 2025 17:35
WhatsApp Image 2025-06-17 at 17.26.45.jpeg

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Нефтрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Кабар” агенттигине берген маегинде күйүүчү майга болгон баанын жогору болушунун негизги себеби ташууга байланыштуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, Баткен облусунда бензиндин баасы борборго салыштырмалуу 3–3,5 сомго кымбат.

“Мисалы, акыркы май куюучу станция Кара-Суу районунда жайгашкан болсо, андан ары ташуу үчүн бензовоздор күндүз гана жүрө алат. Түнкүсүн бензовоздорго жүрүүгө тыюу салынган. Бул кошумча убакытты жана чыгымды талап кылат. Түштүк аймактардагы күйүүчү майдын кымбаттыгы жеткирүү шартына жана аралыкка байланыштуу,”- деди ал.

Эшатов кошумчалагандай, күйүүчү майдын бааларын компаниялар өзү каалагандай кое албайт.

“Ар бир өлкөгө келген бензиндин көлөмү тиешелүү мамлекеттик кызмат органдары тарабынан текшерилип турат. Компаниялар каалаган бааны кое албайт,”- деди ал.