Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу жайларында контролдук-кассалык чекте тейлөө акысы тууралуу маалыматты көрсөтүүдөгү айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, азыркы учурда тейлөө акысын көрсөтүү салык төлөөчүлөрдүн тандоосуна ылайык жүргүзүлөт:
– "тейлөө акысы" өзүнчө позицияда көрсөтүлөт;
– товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө үстөк баа түрүндө, ал ошондой эле тейлөөнүн курамдык бөлүгү катары эсепке алынат.

Мисалы, бир жерде тамактын баасы 500 сом, ага кошумча 10 пайыз тейлөө акысы — 50 сом кошулуп, бардыгы 550 сом деп көрсөтүлгөн (1-мисал). Мындай учурда ККМ чек тамактын баасын жана "тейлөө акысын" көрсөткөн эки сапты камтыйт. Тейлөө акысынын суммасы өзүнчө көрсөтүлөт жана фискалдык программалык камсыздоо системасына өз алдынча позиция катары берилет.
Башка жерде ошол эле тамактын баасы 550 сом болушу мүмкүн. Бул суммага тейлөө үчүн үстөк баа кошулган. Бул учурда тамактын жана үстөк баанын суммасы бир позицияда көрсөтүлөт (2-мисал).
Эки ыкма тең туура жана салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча, анын эсеп саясатынын өзгөчөлүктөрүнө жараша колдонулат. Эң башкысы, бардык операциялар фискалдык чекте туура көрсөтүлүшү керек.
Эске салсак, Салык кызматы маалыматтарды автоматтык түрдө берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.
Долбоордун максаты – коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү эсептөөлөрдү ачык-айкын кылуу жана процессти санариптик форматка өткөрүү болуп эсептелет.
Пилоттук долбоордун алкагында коомдук тамактануу ишканаларынын бизнес-процесстери жарым-жартылай өзгөрдү: эсептешүүнү жүргүзүүнүн алдында накталай же накталай эмес төлөм формасын көрсөтүү зарыл.
Мында программалык камсыздоонун жардамы менен түзүлүүчү ККМ чек мыйзамдарда белгиленген бардык милдеттүү реквизиттерди камтыйт.
Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөрдүн баа саясатына байланышкан өзгөрүүлөр фискалдык программалык камсыздоону киргизүүгө тиешелүү эмес. ФПК системасы болгону жүргүзүлгөн операцияларды техникалык жактан каттап, аларды эсепке алуу маалыматтарында туура көрсөтүлүшүн камсыздайт.