Балдар онкологиясы – бул бир гана үй-бүлөнүн трагедиясы эмес, бүтүндөй саламаттык сактоо системасы үчүн олуттуу сыноо. Ар бир өлкөдө онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын аман калуу деңгээли мамлекеттик медицинанын абалын чагылдырат. Ал эми социалдык тармактардагы акча чогултуулар системанын кошумча чечимдерге жана ресурстарга муктаждыгын көрсөтүп турат.
Балдар онкологиясы тамчылатма укол же операциядан эмес, мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык чечимдерден башталат: диагноз коюу жана кадрларды даярдоодон тартып, дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө жана жогорку технологияларга чейин. Кыргызстанда балдардын онкологиялык ооруларын дарылоо көбүнчө дарыгерлердин кесипкөйлүгү менен коомдун колдоосуна таянып жатса, бул системаны андан ары өнүктүрүү зарылдыгынан кабар берет. Ар бир кечиктирилген диагноз — объективдүү чектөөлөрдүн натыйжасы, ал эми ар бир жетишсиз дары — саламаттык сактоодогу артыкчылыктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн маселеси.
Кыргызстандагы балдар онкологиясынын учурдагы жетишкендиктери, чечилбеген көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков менен маектештик.

– Султан Амангелдиевич, бүгүнкү күндө балдар онкологиясында кайсы көйгөйлөр курч бойдон калууда?
– Көйгөйлөр, албетте, бар. Жакшы каржылоо болгон күндө дагы балдар онкологиясы медицинанын эң татаал тармактарынын бири болуп кала берет. Быйыл биз өлкө үчүн абдан маанилүү долбоорду — жилик чучугун (костный мозг) өз алдынча көчүрүү үчүн шарттарды түзүүнү аяктап жатабыз. Бул чоң жетишкендик болот. Учурда мындай операциялар биздин балдарга негизинен чет өлкөлөрдө — Түркияда же Индияда жасалат.
– Бул үчүн эмнелер керек?
– Биринчи кезекте — стерилдүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылган ламинардык вентиляциясы бар атайын палаталар керек. Аларды жабдуу иштери аяктап калды, жакын арада биз жилик чучугун трансплантациялоону толугу менен өзүбүздө өткөрө баштайбыз.
– Ал эми заманбап онкологияны ансыз элестетүү мүмкүн болбогон лабораториялык диагностика боюнча абал кандай?
– Бизге молекулярдык диагностика, иммуногистохимия, FISH-лаборатория жана эң негизгиси — даярдалган адистер керек. Чоңдордун шишигинен айырмаланып, балдардын шишиги микроскоп астында көбүнчө бирдей көрүнөт. Заманбап ыкмаларсыз шишиктин түрүн так аныктоо жана ага жараша эң туура дарылоону тандоо мүмкүн эмес.
Дүйнө жүзүндө бул үчүн иммуногистохимия колдонулат. Бирок, иммуногистохимиянын толук жабдыктарын дал биздин бөлүмгө орнотуу экономикалык жактан натыйжасыз — бизде жылына 80ге жакын бейтап болот, мынча аз сандагы киши үчүн бардык жабдууларды кармап туруу өтө кыйын. Ошондуктан биз Улуттук онкология борборунда иммуногистохимиянын өнүгүшүн күтүп жатабыз. Эгер ал жерде ишке киргизилсе, биз аларга кайрылабыз. Нур терапиясы боюнча да абал ушундай.
– Бул багыттар мамлекеттик пландарга киргизилгенби?
– Ооба, алар стратегияда жазылган. Иммуногистохимияны да, нур терапиясын да өнүктүрүү пландалууда. Жакында эле Индиядан нур менен дарылоочу аппаратты алып келүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул биздин бейтаптарды бардык ыкмалар менен дарылоого мүмкүндүк берет.
– Мөөнөттөрү боюнча маалымат барбы?
– Болжол менен ушул жылы. Мен бардык деталдарын билбейм, бирок процесс башталып, "муз ордунан козголгонун" так билем. Биздин бөлүм боюнча да ушуну айта алам. Биз шишиктин мутацияларын аныктоого мүмкүндүк берүүчү FISH-лабораториясын түзүү боюнча долбоор даярдадык. Башкача айтканда, шишик стандарттуу химиялык терапияга туруктуу болобу же жокпу, аны алдын ала билип, дароо олуттуу дарылоону баштоого болот. Мындай жабдуулар бар. Долбоор кабыл алынды жана жыл ичинде өзүбүздүн FISH-лабораториябыз болот деп күтүп жатабыз. Бул көптөгөн балдардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт.
Көрдүңүзбү, Батыш медицинасынын негизги күчү эмнеде? Лабораториялык жабдуулардын күчтүүлүгүндө. Ал жакта шишикте дарылоого туруктуулукту жаратуучу мутациялар бар-жогун алдын ала аныкташат. Ошондо дарыгер бул бейтапты дароо олуттуу дарылоого өткөрүү керек экенин — таргеттик терапияны, нур терапиясын жана башка ыкмаларды колдонуу зарылдыгын түшүнөт.
Бизде болсо диагноз көбүнчө гистологиянын негизинде гана коюлат. Биз шишикти көрөбүз, анын түрүн билебиз жана стандарттуу схема боюнча дарылайбыз. Бирок, бардык протоколдордо такыр башкача мамилени талап кылган шишиктердин өзгөчө топтору бар экени жазылган. Молекулярдык диагностикасыз биз бул өзгөчөлүктөрдү көрө албайбыз.
– Иммуногистохимияны ишке киргизүү үчүн эмне керек? Жабдуулар эле керекпи же адистер дагыбы?
– Биринчи кезекте жабдуулар керек. Бирок, биз долбоорлорду жазганда, сөзсүз түрдө окутууну да кошобуз. Биздин лаборанттар даярдыктан өтүп, бул ыкмалар менен иштөөнү билиши керек.
– Бирок азырынча, менин түшүнүгүмдө, ата-энелер убакытты жоготуп жана кошумча финансылык чыгымга учурап, анализдерди чет өлкөгө жөнөтүүгө мажбур болуп жатышат. Ошентсе дагы сиздер чет өлкөдөн жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын кабыл аласыздарбы?
– Ооба, албетте. Биз тобокелдик тобун аныктоодо жана дарылоо протоколун тандоодо изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сөзсүз эске алабыз. Учурда балдар онкологиясындагы артта калууну бардык мүмкүн болгон жолдор менен толуктоого аракет кылып жатабыз. Ошону менен бирге, балдар онкологиясы — өзгөчө тармак экенин түшүнөбүз. Чоңдордукунан айырмаланып, аны алдын алуу мүмкүн эмес.
– Демек, бул жерде скринингдик программалар иштебейби?
– Туптуура. Балдар онкологиясынын алдын алуу мүмкүн эмес. Балдар тамеки чекпейт, зыяндуу өндүрүштөрдө иштебейт. Көпчүлүк учурларда бул күтүүсүз генетикалык мутациялардын натыйжасы. Мен муну "математикалык кокустук" деп айтмакмын — алдын ала аныктоого мүмкүн болбогон катачылык кетет. Дүйнөлүк бардык скринингдик программалар нөлдүк натыйжалуулукту көрсөттү, бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баяндамалары менен тастыкталган.
– Анда негизги басымды эмнеге жасоо керек?
– Ооруну эрте аныктоого жана педиатрлардын ишин күчөтүүгө басым жасоо керек. Биз балдар онкологиясынын эки же андан көп белгиси пайда болгондо, электрондук амбулатордук картада автоматтык түрдө "кызыл желекче" күйө турган системаны иштеп жатабыз. Мындай учурда бала дароо онкологго жөнөтүлүшү керек. Поликлиникаларда балдар онкологдору жок болгондуктан, дал ушул педиатрлар негизги ролду ойношот жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу зарыл.
– Кадр маселеси кандай болуп жатат? Балдар онкологиясында дарыгерлер жетиштүүбү?
– Штатты көбөйтүүнү каалайт элек. Эгер штаттык бирдиктер кеңейтилсе, дарыгерлерди жумушка алат элек.
– Көйгөй көбүнчө штаттык бирдиктердин аздыгындабы же айлык акынын деңгээлиндеби?
– Экөөнүн тең таасири бар. Бирок, азыр дарыгерлер балдар онкологиясына келе башташты. Айлык акыга келсек, ооба, ал дагы деле аз бойдон калууда, бирок мурункуга салыштырмалуу айлык акы өстү.
– Бирок, мындай жоопкерчилик жана күч келген жумуш үчүн бул жетиштүүбү?
– Ооба, бул жерде жоопкерчилик өтө чоң, анын үстүнө ата-энелер менен иштешүү абдан оор. Алар баарын өтө сезимтал кабыл алышат жана көп учурда дарыгерлерди күнөөлөшөт. Бирок, буга карабастан, азыркы медицинаны мурунку менен салыштырганда — асман менен жердей айырма бар. Бүгүнкү күндө биз эндопротездөөнү өз алдынча жасап жатабыз.
– Эндопротездөө темасына токтоло кетсек. Маалым болгондой, сөөк саркомасы менен ооруган балдарга кошуна өлкөлөрдө, мисалы, Казакстан, Өзбекстан, Россияда эндопротездер мамлекеттин эсебинен берилет. Кыргызстанда тилекке каршы, мындай колдоо жок. Ошол эле учурда бир эндопротездин баасы 20 миң долларга чейин жетет жана бул үй-бүлөлөр үчүн оор. Бул маселени чечүү боюнча иштер жүрүп жатабы жана келечекте кандай болушу мүмкүн?
– Бул маселени талкуулап жатабыз. Учурда жеткирүүчүлөрдү издөө иштери жүрүүдө. Эгер компаниялар онкологиялык эндопротездерди Кыргызстанда туруктуу негизде каттоого алышса, мындай механизм болушу мүмкүн: мамлекет белгилүү бир сумманы бөлүп коёт жана зарылчылыкка жараша конкреттүү бала үчүн керектүү өлчөмдөгү протез сатып алынат — каражат ошол фонддон алынат.
– Мамлекет мындай каражатты бөлүп берүүгө даярбы?
– Бул каражаттарды химиопрепараттарга бөлүнгөн жалпы бюджеттин алкагында караштырса болот. Жылына орточо эсеп менен ушундай диагноз коюлган балдардын санын эске алганда, бул чыгымдарды пландаштыруу толук мүмкүн.
Быйыл биз бир катар компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатабыз. Алар "Кыргызфармацияга" кайрылып, онкологиялык эндопротездерди каттоону башташы керек. Бул аларды жогорку технологиялар фонду боюнча билдирмелерге кошууга мүмкүндүк берет.
– Потенциалдуу жеткирүүчүлөр (поставщиктер) кимдер?
– Биринчи кезекте бул Түркия жана Германия, ошондой эле Кытай менен кызматташуу варианты да каралууда.
– Жалпысынан акыркы жылдары балдар онкологиясын каржылоо кандай өзгөрдү?
– Олуттуу өзгөрдү. Эгер 5-6 жыл мурун дары-дармек менен камсыздоого 10 млн сомго жакын каражат бөлүнсө, азыр жылына 200 млн сомго чейин бөлүнүүдө. Сатып алууларды борборлоштуруу ишке ашты жана бүгүнкү күндө биз мурун такыр дарылай албаган ооруларды дарылап жатабыз.
– Ошого карабастан, социалдык тармактарда ата-энелер же балдар өздөрү чет өлкөдө дарылануу үчүн акча чогултуп, жардам сураган билдирүүлөр байма-бай чыгып турат. Эмне үчүн?
– Булар негизинен "экинчи линиядагы" дарылоону талап кылган бейтаптар. Мурун балдар бул этапка чейин жашай алышчу эмес. Азыр биз аларды ремиссияга чыгарып, дарылап жатабыз, бирок, тилекке каршы, оору кайра козголушу мүмкүн. Аларды дарылоо — бул жогорку технологиялуу медицина, дал ушул себептен үй-бүлөлөр каражат издөөгө жана чет өлкөгө кайрылууга мажбур болушат.
– Анда сиз кайсы инновациялык технологияларды ишке киргизүүдө артыкчылыктуу деп эсептейсиз?
– Роботтоштурулган хирургия, молекулярдык диагностика, таргеттик терапия жана башка көптөгөн багыттар. Балдар онкологиясы — бул жогорку технологиялардын медицинасы. Эгер мурун аман калуу көрсөткүчү 20 пайыздын тегерегинде болсо, азыр болжол менен 50 пайызды түзөт. Болжолдоолор боюнча — 60 пайызга жакындайт.
– Сиз эл аралык долбоорлорду айтып өттүңүз. Алар канчалык маанилүү?
– Биз үчүн ДССУ жана Ыйык Иуда (St. Jude) клиникасынын глобалдык платформасына кирүү өтө маанилүү. Эгер биз утуп алсак, баштапкы дарылоо үчүн дары-дармектер камсыздалат, ал эми бошогон каражаттарды жогорку технологиялуу медицинага багыттасак болот.
– Бүгүнкү күндө балдар онкологиясына объективдүү түрдө канча бюджет керек?
– Жылына кеминде 300-400 млн сом, ал эми идеалдуу түрдө — андан да көп. Мисалы, биздин "оорулуу чекитибиз" болуп жаткан нейробластома менен ооруган бир бейтапты чет өлкөдө дарылоо болжол менен 300 миң долларга барат. Кыргызстанда жылына ушундай диагноз менен 10дон ашык бала түшөт. Ошол эле учурда өтө кымбат баалуу дары-дармектер талап кылынат: бир флакондун баасы 50 миң доллардын тегерегинде. Бир бейтапка бир курска эки флакон керек, ал эми мындай курстардын саны — алты. Жыйынтыгында кеп өтө чоң суммалар жөнүндө болуп жатат.
– Мындай каржылоо жок туруп, кырдаалдан кантип чыгасыздар?
– Биз так протоколдор менен иштейбиз. Жогорку тобокелдиктеги нейробластомада жилик чучугун көчүрүү балдардын болжол менен 40 пайызын айыктырууга мүмкүндүк берет. Эгер дарылоого бир иммунопрепарат кошсо — көрсөткүч 60 пайызга чейин, ал эми башкасын колдонсо — 80 пайызга чейин көтөрүлөт.
Эгер натыйжалуулук 100 пайызга жетсе, мамлекет бул препараттарды сөзсүз сатып алмак. Бирок, нейробластома бүткүл дүйнөдө дарылоо эң кыйын болгон шишиктердин бири бойдон калууда. Мындай препараттарды жакшы натыйжалар менен колдонгон саналуу гана клиникалар бар жана адатта, баары эле каржылык мүмкүнчүлүктөргө келип такалат.
– Дарылоо протоколдорун сактоо канчалык деңгээлде ишке ашууда жана алар дүйнөлүк стандарттарга канчалык жооп берет?
– Дүйнөлүк стандарттарды толугу менен аткара албасыбыз айдан ачык. Биз протоколдорду өзүбүздүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ылайыктайбыз. Бардык өлкөлөр ушундай кылышат, атүгүл Түркия же Россия сыяктуу мамлекеттер да протоколдордун адаптацияланган версияларын колдонушат.
Талаптардын көбүн аткарып жатабыз, бирок жогорку технологиялуу медицинага байланыштуу айрым ооруларда бул өтө кыйын: кымбат баалуу препараттар, кибер-бычак, татаал жабдуулар керек. Азырынча мындай технологиялар биз үчүн жеткиликсиз. Бирок, абалды динамикада салыштырып көрсөк — мурун эмне бар эле жана азыр эмне бар — өсүү байкалып турат.