“ЭММА” мобилдик тиркемеси кош бойлуу айымдардын санарип жардамчысы

Коом Загрузка... 12 Сентябрь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Кош бойлуу айымдар үчүн “ЭММА” - мобилдик тиркемеси Саламатык сактоо министрлиги иштеп чыккан клиникалык протоколдорго ылайыкташтырылып, адаптациядан өткөрүлүп, кыргыз жана орус тилинде иштелип чыкты. Бул тууралуу “Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы” коомдук фондунун директору Бактыгүл Бозгөрпөева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

WhatsApp Image 2025-09-12 at 17.44.46.jpeg

Анын айтымында, кыргыз тилинде да жеткиликтүү болгон бул тиркеме Кыргызстанды кошкондо дүйнөнүн 193 өлкөсүндө колдонуучулар үчүн акысыз.

“Биздин эксперттер тиркемени иликтеп, бизге зарыл экендигин аныктап, былтыр 2024-жылы бул багытта чоң иш башталган. 2025-жылы май айында тиркеменин презентациясы өткөрүлдү. Бул биринчиден кош бойлуу айымдарга, жаш үй-бүлөлөргө же болочок ата-энелерге ылайыкталган абдан керектүү жана маанилүү тиркеме болуп эсептелет”,- деди Бозгөрпөева.

Коомдук фондунун директору маалымадагандай, тиркеме негизи үч бөлүктөн туруп, ар бири маанилүү.

“Биринчи бөлүктө кош бойлуулукка кандай даярдык көрүү керектиги берилген. Экинчи бөлүгү кош бойлуу кездеги 9 айдын ичинде кандай сунуштарды аткаруу зарылдыгы камтылган. Үчүнчүсү бала төрөлгөндөн кийинки мезгилде зарыл болчу маалыматтар. Негизинен бул тиркеме биздин медицина кызматкерлерине жардамчы катары келип жатат. Мисалы, көбүнчө айыл жергесинде жашаган кош бойлуу айымдардын кандайдыр бир суроолору болсо, район борборлоруна келүүдөн мурда тиркеме аркылуу маалыматтарды ала алышат”,- дейт ал.

Белгилей кетсек, “ЭММА” - бул жөн гана кош бойлуулук календары эмес, ал аялды кош бойлуулуктун алгачкы жумасынан тартып төрөттөн кийинки мезгилге чейин коштогон толук кандуу санариптик жардамчы болуп эсептелет.

Тиркеме 460тан ашык илимий негизделген макалаларга, дарыгерлерден жеке кеңештерге, кабыл алууга жана дары-дармек ичүүгө байланыштуу эскертмелерге, ошондой эле тамактануу, физикалык жана психо-эмоционалдык ден соолук боюнча сунуштарга жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Адаптациялоо процессинде кыргызстандык аялдардын муктаждыктарына ылайык маданий жана тилдик жеткиликтүүлүккө өзгөчө көңүл бурулгандыгын адис кошумчалады.