Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институту кой жүнүнүн сапатын аныктоочу заманбап оптикалык-лазердик аппарат алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, жабдуу жүндүн ичке-жоондугун, тармалдуулугун жана жалпы сапатын өлчөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы алынган аппарат Австралиянын “Robotic Vision” компаниясына таандык болуп, анын баасы 11 миллион сомду түздү. Ал бир жылдык даярдыктан кийин Кыргызстанга алып келинген.
Аппаратты ишке киргизүүгө Италиядан атайын адис чакырылып, институт кызматкерлерине анын иштөө ыкмаларын үйрөтүүдө.
Мекеме учурда уяң жүндүү койлордун санын көбөйтүү жана асыл-тукум иштерин жакшыртуу багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.
“Кыргызстан мурда уяң жүндүү кой чарбасы менен белгилүү болуп, совет мезгилинде бул тармак абдан өнүккөн. Ал учурда койлордун саны 10 миллионго чейин жетсе, учурда 1 миллиондон аз”, — деп айтылат маалыматта.