Элдик курултайда айтылган маселе: Кадамжайда дарыя жээги бекемделди

Аймак 29 Июнь 2026 15:55
732962093_866689239388354_5477845683281491205_n.jpg
732125633_1781348623006073_6645938867264871825_n.jpg
733040705_2254423458630095_5400694622732594445_n.jpg
733415243_1586231433089686_648072732755070152_n.jpg
734253320_1052433404010437_531971844442068321_n.jpg
735378148_966586879707383_8248689955524293081_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган маселе Элдик курултайдын делегаттары жана жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн. Натыйжада дарыянын кооптуу деп эсептелген 4 260 метр тилкесинин 880 метри толугу менен бекемделди. Анын ичинен Чоң-Гара айылында 500 метр, Кызыл-Коргон айылында 380 метр аралык коргоого алынды.

"Жээкти бекемдөө иштеринин алкагында турак үйлөр, короо-жайлар, ички чарбалык жолдор, арыктар жана дыйкандардын эгин талаалары суу ташуу коркунучунан корголду. Буга чейин сугат маалында суунун көлөмү 300 кубга чейин көбөйүп, айдоо аянттарын жууп кеткен учурлар көп катталган", — деп айтылат маалыматта.

Бул максатта республикалык бюджеттен 20 млн сом, Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 15 млн сом — жалпысынан 35 млн сом каражат бөлүнгөн.

Белгиленгендей, Кожо-Ашкан дарыясынын бекемделбей калган 3 380 метр аралыгы Баткен облусун өнүктүрүүнүн 2021-2035-жылдарга карата планына киргизилген.