Эми унааны "Түндүк" тиркемеси аркылуу кайра каттоого болот

Коом Загрузка... 16 Декабрь 2025 11:08
WhatsApp Image 2025-12-16 at 11.04.40 (1).jpeg
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунда эми "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, эми жарандар "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматын колдоно алышат.

"Түндүк" аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган. Бул жарандарга кызматтарды аралыктан, тез жана ыңгайлуу түрдө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет, ошол эле учурда адам факторун азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга шарт түзөт", - деди ал.

WhatsApp Image 2025-12-16 at 11.04.40.jpeg

Туманбаев белгилегендей, бул жаңылануулар жарандар үчүн ыңгайлуулукту арттырып, убакытты үнөмдөөгө, документтердин коопсуздугун жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Натыйжада транспорт каражаттарын каттоо процесси заманбап, ачык жана ыкчам форматка өтөт.