Эми Транспорт министрлигинин ишин QR-код аркылуу баалоого болот

Коом Загрузка... 26 Ноябрь 2025 12:32
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Пикир" маалыматтык системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ага ылайык, министрликтин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ишмердүүлүгүн баалоо максатында атайын QR -коддор орнотулуп, иштеп баштады.

Мекемеге келген ар бир жаран министрликтин ишин баалап, пикир калтыра алат.

Ал үчүн:

  • телефонуңуздун камерасын кире бериште же кабылдамаларда жайгашкан QR-кодго багыттап, "Түндүк" тиркемеси аркылуу сканерлеңиз;
  • шилтемеге кирип, кызмат көрсөтүүнүн сапатына баа бериңиз жана сунуш-пикириңизди калтырыңыз;
  • андан соң, сиздин пикириңиз автоматтык түрдө катталып, тиешелүү адистер тарабынан каралат;
  • зарыл болгон учурда чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгы сизге маалымдалат.

Белгиленгендей, маалыматтар ишенимдүү корголот жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык иштетилет.