Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Эми коррупция тууралуу "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокуратурага караштуу "Укук" мамлекеттик мекемеси "Түндүк" ААК менен биргеликте "Түндүк" мобилдик тиркемесине интеграцияланган "Коррупция жөнүндө билдирүү" санариптик кызматы ишке киргизди.
"Бул кызмат жарандарга коррупция фактылары же коррупциялык укук бузууларды жасоого азгыруу фактылары тууралуу билдирүүлөрдү акысыз жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Кайрылуу жөнөтүү үчүн "Түндүк" мобилдик тиркемесин ачып, «Коррупция жөнүндө билдирүү" кызматын тандап, электрондук форманы толтуруу, зарыл болгон учурда ырастоочу материалдарды тиркөө жана кайрылууну жөнөтүү керек.
Арыз ээсинин тандоосу боюнча кайрылуу тиешелүү компетенциясынын чегинде кароо үчүн Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.
Аталган кызмат коррупциянын алдын алуунун заманбап санариптик механизмдерин өнүктүрүүгө, жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылуусун жеткиликтүү кылууга жана коом менен мамлекеттин коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган.