Эми Google Earth аркылуу виртуалдык учак менен дүйнө жүзүн кыдырууга болот

Дүйнө Загрузка... 18 Июнь 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-06-18 at 12.54.04.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.08.26 /Кабар/. Google Earth платформасы колдонуучулар үчүн жаңы акысыз учак башкаруу функциясын ишке киргизди. Эми каалоочулар виртуалдык учакты түз эле браузер аркылуу башкарып, Жер планетасын бийиктиктен кыдыра ала тургандыгын Казинформ кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жаңы функция 12-июндан тарта жеткиликтүү болуп, авиацияга жана саякаттоого кызыккан колдонуучулар үчүн сунушталды. Аны колдонуу үчүн кошумча программаларды жүктөп орнотуунун кереги жок. Google Earth сервисин браузерден ачып, Flight Simulator режимин иштетүү жетиштүү.

Виртуалдык учуу учурунда колдонуучулар дүйнөнүн ар кайсы аймактарынын үстүнөн учуп өтүп, үч өлчөмдүү форматтагы шаарларды, белгилүү жайларды жана жаратылыш ландшафттарын жакындан көрө алышат.

Буга чейин авиасимулятор аталган кызматтын компьютерге орнотулуучу профессионалдык версиясында гана жеткиликтүү болчу. Эми бул мүмкүнчүлүк алгачкы жолу веб-версияга интеграцияланып, кыйла кеңири аудитория үчүн ачылды.

Симуляторду иштетүү үчүн Google Earth платформасынан Explore Earth бөлүмүн тандап, андан соң Tools менюсундагы Flight Simulator функциясын басуу керек.

Иштеп чыгуучулар учакты башкарууга арналган атайын баскычтардын тизмесин да жарыялашкан. Алар аркылуу учактын ылдамдыгын жөнгө салууга, багытын өзгөртүүгө, бийиктик алууга жана ар кандай маневрлерди аткарууга болот.

Ошол эле учурда симулятор көңүл ачуу максатында түзүлгөнү менен, аны башкаруу анчейин жеңил эмес. Эгер виртуалдык учак жерге кулап кетсе, система учууну автоматтык түрдө токтотуп, каттамды кайра баштоону сунуштайт.