Эми Баткенде жол инспекторлорунун жумушу боди-камералар аркылуу көзөмөлдөнөт

Аймак 1232 12 Февраль 2025 16:22
479065173_18394213852100985_2871899956238624486_n.jpg
476779817_18394213825100985_5619135801352168077_n.jpg
479539747_18394213858100985_5697191129312907839_n.jpg
Алдыга
Артка
479065173_18394213852100985_2871899956238624486_n.jpg
476779817_18394213825100985_5619135801352168077_n.jpg
479539747_18394213858100985_5697191129312907839_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек,12.02.25./Кабар/. Эми Баткенде жол инспекторлорунун жумушу боди-камералар аркылуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн шаар, райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине саптык кароо өткөзүлүп, анда кызматкерлерге күнүмдүк кызматка чыгууда ар бир кызматкердин төшүндө байкап туруучу боди-камера менен кызмат алып баруусу жана айдоочу менен болгон мамиледе, жана кызматкердин коопсуздугун карап туруучу камералар берилди.

Мындан сырткары ар бир кызматкерге жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, кызматтык тартипти жана мыйзамдулуукту так сактоого, жарандар менен сылык мамиле кылууга нускамалар берилип, кызматкерлердин ишмердүүлүктөрү көзөмөлдөнүп турары айтылды.