Эмгек рыногунда 8,4 миң бош жумуш орду бар – министрлик

Коом Загрузка... 14 Июль 2026 12:12
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.39.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 16 миң 106 бош жумуш орду сунушталган, алардын басымдуу бөлүгүн жумушчу кесиптер түзгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, ошол эле 8 миң 450 бош жумуш орду бар.

Белгиленгендей, 2026-жылдын башынан бери аймактык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын жардамы менен 7 106 жумушсуз жаран ишке орноштурулду.

Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө 60 миң 585 жумушсуз жана жумуш издеген жаран каттоодо турган, алардын 34 миң 317си жаштар. Расмий жумушсуз макамын 37 миң 886 адам алган. Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар жаштар категориясына кирет.

"Эмгек рыногунда жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга 3 451 жумушсуз жаран жөнөтүлгөн. Окутуу эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер боюнча уюштурулган. Алардын катарына ашпозчу, тигүүчү, 1С программасын билген бухгалтер, чач тарач, автоэлектрик, компьютер оңдоо боюнча адис, электр-газ ширетүүчү, сантехник, косметолог, массажист, дизайнер жана иш берүүчүлөр тарабынан суроо-талап жогору болгон башка кесиптер кирет", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, убактылуу иш менен камсыз кылуу программаларынын алкагында акы төлөнүүчү коомдук иштерге 9 миң 669 жаран жөнөтүлүп, бул аларга убактылуу киреше табууга жана эмгек көндүмдөрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматтарына ар кандай маселелер боюнча 77 миң 551 жаран кайрылган. Алардын ичинен 52 миң 807 адам ишке орношуу, эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу жана кесип тандоо боюнча кеңеш алышкан.

Министрлик иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик кызматтар жарандарга жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөрүн эскертет. Жарандар жумушсуз катары каттоого туруп, бош жумуш орундарын тандоодо жардам алып, кесиптик окуудан өтүп, акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышып, ошондой эле "Жаштардын стажировкасы" программасынан пайдалана алышат.