Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдар үчүн ишеним телефонуна 26 996 чалуу түшкөн.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул күнүгө орточо 178 кайрылуу, айына 5 399дан ашуун чалуу дегенди билдирет.
Жалпы кайрылуулардын ичинен 932 чалуу жардам жана кеңеш сураган кайрылуулар болгон, анын ичинен:
- балдардан – 378 чалуу (40,6%);
- чоң адамдардан – 554 чалуу (59,4%).
Чалуулардын арасынан кыз балдар басымдуу болду. Ошондой эле кеңеш алуу үчүн эркектерге караганда аялдар көп кайрылышты. 932 чалуунун ичинен:
- эркектер – 175 (18,8%);
- аялдар – 379 (40,6%);
- эркек балдар – 106 (11,4%);
- .кыз балдар – 272 (29,2%)
Аймактар боюнча алганда, эң көп чалуу Бишкек шаарынан түшкөн – 207 чалуу (22,2%), андан кийин Чүй облусу – 84 чалуу (9%), үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу – 51 чалуу (5,5%). Эң аз кайрылуу Талас облусунан – болгону 15 чалуу (1,6%).
Телефон чалгандар социалдык жардам, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата зомбулук , балдардын тарбиясы жана жүрүм-туруму, мектеп рэкетчилиги ж.б.у.с.