Эмгек министрлигинде 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү программасы талкууланды

Коом 20 август 2025 11:15
536128022_1213338300835841_9053275787680192246_n.jpg
534843683_1213338047502533_6806183936762484467_n.jpg
535114870_1213338374169167_5448185428505410785_n.jpg
535988816_1213338144169190_1207352311295906741_n (1).jpg
536822485_1213338114169193_4015576484940475108_n.jpg
Алдыга
Артка
536128022_1213338300835841_9053275787680192246_n.jpg
534843683_1213338047502533_6806183936762484467_n.jpg
535114870_1213338374169167_5448185428505410785_n.jpg
535988816_1213338144169190_1207352311295906741_n (1).jpg
536822485_1213338114169193_4015576484940475108_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну талкуулоо боюнча консультативдик жыйын өттү.

Жыйындын ачылышында эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө Улуттук программа өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн приоритеттерин аныктап, глобалдык Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келерин белгиледи.

"Улуттук программанын IX бөлүмү – "Социалдык өнүгүү" – адамга, анын мүмкүнчүлүктөрүнө, татыктуу эмгегине жана адилеттүү социалдык коргоого арналган. Бул бөлүмдө эки негизги багыт аныкталган: адамдык потенциалды өнүктүрүү жана адилеттүү социалдык коргоо системасын түзүү", - деди ал.

Ошондой эле жыйында Улуттук программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык ресурстарды мобилизациялоо жана биргелешкен иштер талап кыланары белгиленди. Анын айтымында, эксперттер жана коомчулук менен кеңешүүлөр иш-аракеттер планын так жана натыйжалуу чаралар менен толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук программанын негизги багыттары боюнча маалымат берилди. Талкуу жандуу диалог форматында эл аралык уюмдардын, социалдык өнөктөштөрдүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн жана министрликтин кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Катышуучулар Улуттук программанын максаттарына жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин жана так сунуштарды берүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.