Эмгек министрлиги зомбулуктан жабыркаган келинге колдоо көрсөтүүдө

Коом Загрузка... 03 Сентябрь 2025 17:03
1.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева кайын атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 20 жаштагы жаш келин менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, үй-бүлө арыз берилген алгачкы күндөрдөн тартып райондук социалдык коргоо кызматынын көзөмөлүндө турат.

Мындан тышкары, министрлик Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына кыска мөөнөттүү курстардан окуп, сертификат алуу жана кийинкиде ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Эмгек министрлиги зомбулуктун бардык түрлөрүн кескин айыптап, мындай учурлар министрликтин гана эмес, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын — укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, саламаттык сактоо тармагынын жана Акыйкатчы институтунун өзгөчө көзөмөлүндө турарын баса белгилейт.

Ведомство жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү улантып, алардын укуктарын коргоону жана зарыл социалдык кызматтарды көрсөтүүнү мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык камсыз кылат.