Жумушта жаракат алып же каза болгондо бир жолку төлөм тартиби түшүндүрүлдү

Коом Загрузка... 10 Август 2025 19:27
1.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 10.08.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кызматкерлерге (же алардын мураскорлоруна) эмгек милдеттерин аткаруу менен байланышкан майптыкка, жаракатка, кесиптик ооруга, башка саламаттыкка зыян келтирүүгө же өлүмгө учураган учурда бир жолку жөлөк пулду төлөө тартиби тууралуу маалымдады.

Жаңы жобо кызмат ордуна жана эмгек стажына карабастан бардык уюмдардын кызматкерлерине жайылтылат. Бир жолку жөлөк пул өндүрүштөгү жаракат же кесиптик ооруунун натыйжасында майыптык белгиленген учурда, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кызматкердин өлүмү болгон учурда төлөнөт.

Жобо кызматкерлердин социалдык корголушун жогорулатууга жана эмгек ишмердүүлүгүнө байланышкан ден соолукка зыян келтирилген же каза болгон учурда адилеттүү компенсация берүүнү камсыз кылууга багытталган.

Майып болуп калуу учурларында жөлөк пулдун өлчөмү эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасына жараша аныкталат жана Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген орточо жылдык эмгек акыны үчтөн жети эсеге чейинки көлөмдө түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда он эки жылдык орточо эмгек акы өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт.

Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн майыптыктын тобуна жараша 500 миң сомдон 1,5 млн сомго чейинки туруктуу суммадагы жөлөк пул каралган, ал эми багуучусу каза болгон учурда 2 млн сом өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт.

Төлөм өндүрүштөгү кырсыктын актысынын негизинде чечим кабыл алынгандан кийин 10 иш күнү ичинде иш берүүчүнүн өз каражатынын эсебинен жүргүзүлөт. Ишкана кайра уюштурулган же жоюлган учурда төлөмдөр мураскор тарабынан же жогорку туруучу орган тарабынан жүргүзүлөт.

Жөлөкпул алуу үчүн кызматкер же мураскорлору арызга тиешелүү документтерди тиркеп беришет:

  • медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясынын корутундусу;
  • өлүм тууралуу күбөлүк;
  • башка тастыктоочу документтер.

Иш берүүчү арызды 10 иш күнү ичинде кароого милдеттүү, ал эми объективдүү себептер болгон учурда мөөнөттү 30 күнгө чейин узартылат.

Министрлик бир жолку жөлөк пулду өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Эгер жөлөк пул өз убагында төлөнбөсө, иш берүүчү ар бир кечиккен күн үчүн 0,15% өлчөмүндө туум төлөөгө милдеттүү. Эгерде иш берүүчү бир жолку жөлөк пулду төлөбөсө, анда арыз ээси эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, же сотко кайрылууга укуктуу.