Эмгек министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарууда

Коом 21 Август 2026 11:30
780672453_1052781470854937_1192811347733760042_n.jpg
780201780_3632215940285719_3042774463829372557_n.jpg
781904042_1086742517081158_8374449957242550623_n.jpg
Алдыга
Артка
780672453_1052781470854937_1192811347733760042_n.jpg
780201780_3632215940285719_3042774463829372557_n.jpg
781904042_1086742517081158_8374449957242550623_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган коллегиянын отуруму өтүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, коллегиянын күн тартибинде сегиз негизги маселе каралууда.

Алардын арасында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, балдарды социалдык жактан колдоону өнүктүрүү, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу, миграциялык саясат жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, аймактык бөлүмдөрдүн жана социалдык мекемелердин иши, жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери бар.

Жыйындын жыйынтыгы менен министрликтин алдыдагы мезгилдеги негизги милдеттери жана ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталат.