Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Эмгек министрлиги жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандын калкынын аялуу катмарына колдоо көрсөтүүнү кеңейтет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) менен биргеликте “жумушка (окутууга) накталай акча” схемасы боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тез жардам көрсөтүүгө багытталган 63 долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган. Бул демилгелерге 896 аз камсыз болгон үй-бүлө же 4,7 миңден ашык адам катышкан.
Долбоорлордун алкагында жарандардын социалдык-экономикалык абалын колдоо үчүн 11,9 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн.
"Бул программа 2023-2027-жылдарга стратегиялык планды ишке ашырууга багытталган жана калктын социалдык аялуу катмарын колдоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын өзгөрүшүнө мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатууну караган, министрлер кабинетинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы жаңыланган өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында ишке ашырылууда",-деп айтылат маалыматта.