Эмгек министрлиги мыйзамсыз иштеген жумушка орноштуруу агенттиктерди атады

Коом 4 сентябрь 2025 15:10
WhatsApp_Image_7iGlYGf.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
7_TH7SMOa.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
8_puvOyGx.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6_rX9t7dL.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
3_1_ZJaIqFo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
5_4ZdTzRZ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon мгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 4.09.25 /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Кыргызстанда мыйзамсыз иш жүргүзүп жүргөн айрым агенттиктер тууралуу эскертүү берди.

Маалыматка ылайык, жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда “Эдукейшн плюс” ЖЧКсы, “Lux Europe” агенттиги жана “EVC виза агенттиги” сыяктуу уюмдар кыргыз жарандарына чет өлкөдө ишке орноштурууну мыйзамсыз негизде сунуштап келишкен. Алар чет өлкөлөрдө эмгекке орноштуруу боюнча тиешелүү уруксаты жок туруп, иштеп келишкен.

“Мыйзамсыз агенттиктер мыйзам талаптарын сактабастан ишке орноштурууну сунуштоо менен жарандардын жашоосу жана коопсуздугуна коркунуч жаратат, ошондой эле алдамчылык схемаларын колдонушу мүмкүн”,-деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган агенттиктер боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Министрлик жарандарга сак болууга жана чет өлкөгө жумушка орношуу алдында агенттиктердин уруксатынын бар-жогун алдын ала текшерүүгө чакырат. Легалдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн кыргызстандыктар Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылып же migrant.kg сайтынан тааныша алышат.