Эмгек министрлиги кыргыз диаспоралары менен кызматташууну күчөтөт

Коом 11 сентябрь 2026 17:20
Эмгек министрлиги кыргыз диаспоралары менен кызматташууну күчөтөт
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоо, алардын демилгелерин колдоо жана Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов диаспора өкүлдөрүнүн мекендештерди бириктирүүгө, ынтымакты бекемдөөгө жана чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандарына колдоо көрсөтүүгө кошкон салымын белгиледи.

Минстрлик менен тыгыз кызматташып, мекендештерди колдоого салым кошкон бир катар диаспора өкүлдөрүнө ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ошондой эле диаспора өкүлдөрүнүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусунун жана кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын чет өлкөлөрдө жайылтууга кошкон салымынын маанилүүлүгү белгиленди.

Камчыбек Досматов мекендештерге активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, диаспоралар менен өз ара байланышты чыңдоо жана мекендештерди колдоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.