Эмгек министрлиги иш берүүчүлөрдү такшалма механизмин киргизүүгө чакырды

Коом Загрузка... 02 Октябрь 2025 10:50
1667304121_bez-imeni-1-kopija.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. 29-сентябрда Бишкекте жана 1-октябрда Ошто "Иш берүүчү кесиптик билим берүү жана иш менен камсыз кылуу системасынын негизги өнөктөшү катары" деген темада тегерек столдор өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей,иш-чаралар Агартуу министрлиги, Швейцария өкмөтүнүн "Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү" долбоору жана Дүйнөлүк банк менен биргеликте уюштурулган.

Негизги максат – кесиптик билим берүү системасы менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу, стажировка аркылуу жаш адистерди жумуш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү.

Жыйынды ачып жатып Эмгек министрлигинин жана Агартуу министрлигинин өкүлдөрү жаш муун тез өзгөрүп жаткан эмгек рыногу, жогорку атаандаштык, иш менен камсыз кылуунун туруксуздугу жана тынымсыз окуу зарылчылыгы сыяктуу олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканын баса белгилешти.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 35 жашка чейинки жаштардын саны 2,4 млн адамды түзөт (калктын 35 пайызы). Өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызды түзөт, ал эми жумушсуздардын 56 пайыздан ашыгын жаштар түзөт. Жумуш менен камсыз кылууга көмөтөшүү бөлүмдөрүндө 20 миңден ашык жумушсуз жаран катталган.

Эмгек министрлигинен белгилешкендей, министрликтин негизги милдеттеринин бири – эмгек жана иш менен камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты координациялоо. Жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, жаштардын жумушка орношуусуна кесиптик көндүмдөрдүн жана практикалык тажрыйбанын жетишсиздиги тоскоолдук кылат.

Былтыр жаштардын стажировкасы боюнча пилоттук долбоор башталган, анын жыйынтыгы кубандырарлык – катышуучулардын дээрлик 70 пайызы туруктуу жумушка ээ болушту.

Тегерек столдордун жүрүшүндө жаштардын эмгек рыногуна жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөтүлдү.

Алар жаштардын олуттуу бөлүгү талап кылынган кесиптерге ээ эмес экенин, ошондой эле практикалык тажрыйбасы жок экенин көрсөттү. Буга байланыштуу стажировка окуу менен иш жүзүндө жумушка орношуунун ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат. Бул маселени ийгиликтүү чечүү үчүн бардык тараптардын – мамлекеттин, бизнестин, билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жаштардын өздөрүнүн күч-аракеттери зарыл.

Мындай ыкма талап кылынган кесиптер боюнча адистерди даярдоого, иш берүүчүлөргө квалификациялуу кадрларды алууга, ал эми жаштарга татыктуу жумуш табууга мүмкүндүк берет.