Эмгек министрлигинде балдардын укугун коргоонун комплекстүү ыкмасы талкууланды

Коом 1565 28 Март 2025 17:19
487140313_1096323542537318_7521124270441286867_n.jpg
487099649_1096325312537141_7449638038478164765_n.jpg
487430425_1096325182537154_5748315682056820425_n.jpg
487216743_1096325155870490_1134834274697288310_n.jpg
487213117_1096325895870416_2674606799929111287_n.jpg
487784388_1096325149203824_5694223896356720465_n.jpg
487560519_1096323309204008_211563019818785748_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдардын укугун коргоо боюнча тегерек стол өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тегерек столдун ишине балдарды коргоо саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты

Министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, Кыргызстанда 2,6 миллиондон ашык бала жашайт.

"Өткөн жылы министрликтин аймактык түзүмдөрү тарабынан 6150 бала оор турмуштук абалда экени аныкталган. Ар бир бала боюнча жеке коргонуу планы түзүлүп, балдардын жарымынан көбүнө кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам беришти. Калгандары боюнча иш улантылууда. Мында балдарды коргоо бардык мамлекеттик органдардын катышуусу менен комплекстүү ишке ашырылууга тийиш", – деди ал.

Тегерек столдун жүрүшүндө 2024-жылы өлкөдө ар кандай зомбулукка кабылган 700дөн ашуун бала аныкталганы айтылды.