Эмгек министрлиги "Ас-Сафа" менен соцкызматташтыкты кеңейтет

Коом 17 июль 2025 09:00
520166694_1184416010394737_2252115015482848616_n.jpg
518248318_1184416620394676_6768399249590428931_n.jpg
504382587_1184416017061403_8189279075594582448_n.jpg
504377880_1184416000394738_6546413864025434136_n.jpg
Алдыга
Артка
520166694_1184416010394737_2252115015482848616_n.jpg
518248318_1184416620394676_6768399249590428931_n.jpg
504382587_1184416017061403_8189279075594582448_n.jpg
504377880_1184416000394738_6546413864025434136_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун демилгеси менен "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министр "Ас-Сафа" борборунун Кыргызстандагы калктын аярлуу катмарынын социалдык абалын жакшыртууга кошкон көп жылдык салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Министр Эмгек министрлигине караштуу социалдык стационардык мекемелерди камкорчулукка алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү, майыптыгы бар балдар үчүн мектептерди жана аярлуу калк үчүн социалдык шаарчаларды куруп берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, Ибрагим Мальсагов министрликтин демилгелерин колдоп "Ас-Сафа" борбору керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, уюм өз долбоорлорун донорлордун каржылоосу менен ишке ашырат.

"Биз социалдык шаарчаларды жана майыптыгы бар балдар үчүн мектептерди куруу, гуманитардык жардам берүү, кресло-коляскаларды жана азык-түлүк баштыкчаларын берүү сыяктуу зарыл жардамдарды көрсөтүүгө ар дайым даярбыз. Азыркы тапта Балыкчы жана Каракол шаарларында социалдык шаарчалардын курулушу жүрүп жатат. Бизге министрлик муктаж болгон жарандардын тизмесин берсе, жардам даректүү жетет. Долбоорлорубуз донорлор тарабынан каржыланат, жер тилкеси берилсе, калган иштерди биз өзүбүз бүтүрүүгө даярбыз", — деди ал.

Министр өз кезегинде, жардам чындап муктаж болгондорго жетиши үчүн министрлик зарыл маалымат базасын берерин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду системдүү жана натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзгөн кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюуну макулдашты.