Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Учурда Кыргызстанда билим берүү тармагындагы орточо айлык акы 49 миң 302 сомду түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо тармагындагы орточо айлык акы болжол менен 53 миң сомду түзөт.
Ошондой эле 2026-жылдын май айына карата башка тармактардагы орточо айлык акы жөнүндө да маалымат берилди. Финансы тармагында бул көрсөткүч 99 миң сомду, маалымат жана байланыш тармагында 89 миң 65 сомду түзгөн.
Транспорт тармагында орточо айлык акы 75 миң 784 сомду, өнөр жай тармагында 73 миң 489 сомду, ал эми илим тармагында 72 миң 833 сомду түзгөн.
Курулуш тармагында орточо айлык эмгек акы 65 миң 633 сомду, соода жана коммерция тармагында 58 миң 727 сомду, ал эми айыл чарбасында 43 миң 553 сомду түзгөн.
Көрсөтүлгөн тармактардын ичинен эң төмөнкү көрсөткүч тейлөө тармагында байкалган, анда 37 миң 818 сомду түзгөн.