Эмгек министри зомбулуктан жабыркаган аялдар борборунан кабар алды

Коом 30 июнь 2025 13:18
513542210_1170977341738604_3857227384847775705_n.jpg
513644631_1170977318405273_2541676738137971065_n.jpg
513879584_1170977298405275_4667373613719071617_n.jpg
514043739_1170977325071939_912468249058047553_n.jpg
514118494_1170977398405265_5749546665006617532_n.jpg
514272661_1170977295071942_2251511475395709654_n.jpg
514280843_1170977355071936_7825305571280581919_n.jpg
514286359_1170977418405263_8196482102139191925_n (1).jpg
514288515_1170978231738515_7820267035159139340_n.jpg
515117327_1170977415071930_2598152661037700824_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Жогорку Кеңештин вице-спикери Жылдыз Садырбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн ачылган "Эне үйү" борборуна барышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, алар борбордо убактылуу жашап жаткан балалуу аялдар менен баарлашып, жашоо шарттары менен таанышып, мындай демилгелерди өлкөдө кеңири өнүктүрүүнү колдой тургандыктарын билдиришти.

Министр Равшанбек Сабиров “Эне үйү” борборунун иш моделинин актуалдуулугун белгиледи.

"Бала багуу системасында бюрократияны азайтуу шартында мындай борборлордун иш ыкмасы өзгөчө мааниге ээ. Биз аялдарды үмүтсүз кырдаалга калтырбай турган шарттарды түзүшүбүз керек. Жаңы төрөлгөн наристесинен шашылыш баш тартууга болбойт. Адам аффект абалында ар нерсени айтышы мүмкүн, бирок эки-үч күндөн кийин: “Бул менин эле балам", – деди ал.

Министрдин айтымында, бул моделди өлкө боюнча жайылтууга министрлик даяр, анткени үй-бүлө институтун сактоо — мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турган маанилүү багыт.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Жылдыз Садырбаева «Эне үйү» долбоору кризистеги аялдарды ар тараптуу колдоону камсыздай турганын белгилеп өттү.

"Бул борбор баланы эмизүүдө жардам берип, баланын толук кандуу өнүгүшүнө шарт түзөт", - деди депутат.