Эмгек министри БУУнун аялдардын абалы боюнча сессиясында баяндама жасады

Коом Загрузка... 13 Март 2025 15:35
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 69-сессиясында өлкөнүн гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү жаатындагы жетишкендиктери менен тааныштырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарынын глобалдык рейтингинде 45-орунду ээлеп, № 5 – максатына-гендердик теңчиликти камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Ушундан улам өлкөнүн калкынын жарымынан көбү анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышат.

Мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү, аялдардын ишкердигин колдоо жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Бул контекстте министр өлкөдө президент Садыр Жапаровдун аялдарга карата зордук-зомбулукка жол берилбештиги жөнүндөгү талабы ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бул саясат аялдардын укуктарын коргоо жана алардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча системалуу чараларды кабыл алууга көмөктөшөт.

Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун Эмгектеги зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу боюнча №190 конвенциясын ратификациялаган биринчи өлкө болду. Кошумчалай кетсек, өлкөдөгү ишкерлердин 40%ын аялдар түзөт, алар үчүн атайын мамлекеттик колдоо программасы ишке ашырылууда.

Жогорку Кеңеште депутаттардын 22 пайызын аялдар түзсө, жергиликтүү кеңештерде бул көрсөткүч 42 пайызга жетет. Ошондой эле 2025-жылы Эмгек кодексинин аялдар үчүн айрым кесиптерге тыюу салууну жокко чыгарган жаңы редакциясы кабыл алынган.

Кыргызстан гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын коргоо принциптерине бекем кармануу менен Пекин+30 иш-аракеттер платформасын жана Пекин декларациясын ишке ашырууга активдүү катышууну улантат.