Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.
Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Кытай компаниялары сунуштаган долбоорлор кайра жаралуучу энергия булактары, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле заманбап технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү сыяктуу багыттарды камтыйт.
Алардын арасында дүйнөнүн ири өндүрүүчүлөрүнө, анын ичинде Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген, ошондой эле ири өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга катышкан ишканалар бар.
Кытайлык компаниялар өз долбоорлорун тааныштырып, Кыргызстанда конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.