Эмгек министри Нью-Йоркто БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын сессиясына катышууда

Коом Загрузка... 11 Март 2025 09:00
WhatsApp Image 2025-03-11 at 08.53.16.jpeg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров Американын Нью-Йорк шаарында БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 69-сессиясынын ачылышына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, 10-марттан 21-мартка чейин өтө турган иш-чараларга мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдарынын, БУУнун агенттиктеринин жана аккредиттелген бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышып, анда катышуучу-өлкөлөрдүн Пекин декларациясын жана анын Пекин+30 иш-аракет платформасын ишке ашыруудагы жыйынтыктары каралат.

Иш-чаранын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалууда.