Эмгек министри чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 17 июнь 2025 09:10
505766069_1159891109513894_823973413978353614_n.jpg
504267968_1159891569513848_6185768650627655679_n.jpg
505429238_1159891572847181_6575670611913302683_n.jpg
505441954_1159891536180518_7043919013496445758_n.jpg
Алдыга
Артка
505766069_1159891109513894_823973413978353614_n.jpg
504267968_1159891569513848_6185768650627655679_n.jpg
505429238_1159891572847181_6575670611913302683_n.jpg
505441954_1159891536180518_7043919013496445758_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров чет өлкөдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуу учурунда чет өлкөлөрдөгү мекендештердин жашоосу жана ишмердүүлүк маселелери талкууланды.

Диаспоралык уюмдардын ишине жана 2025-жылдын күз айына белгиленген Элдик курултайга чет элдик кыргызстандыктардан келген делегаттардын катышуусунун квотасын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле катышуучулар улуттук өзгөчөлүктү сактоого, анын ичинде чет өлкөлөрдө кыргыз тилин окутууга басым жасашты. Кыргыз билим берүү борборлорун эне тилиндеги окуу куралдары жана китептер менен камсыз кылуунун зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, мекендештер жашаган өлкөлөрдөгү көйгөйлөр көтөрүлүп, КР президентине караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешти мамлекеттик деңгээлде колдоону күчөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Министр Сабиров диаспора менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү сунуштап, мекендештердин өлкө экономикасына, анын ичинде инвестиция аркылуу акча которууларга кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантуу жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктарды колдоо боюнча биргелешкен аракеттерди бекемдөө ниетин тастыкташты.