Аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары жайкы эс алууга жөнөтүлдү

Коом 10 июнь 2025 09:45
505058597_1154634623372876_8887746673559338146_n.jpg
504966466_1154634616706210_2982365318620790286_n.jpg
504861711_1154634606706211_5570701680531538971_n.jpg
505231796_1154634626706209_4752491703798810518_n.jpg
505308161_1154634620039543_561807240532467548_n.jpg
505368047_1154634613372877_6793217108201025372_n.jpg
505397897_1154634536706218_5147852454618745004_n.jpg
505576600_1154634610039544_6599472946875909073_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек 10.06.25 /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жайкы ден соолук кампаниясынын алкагында аярлуу категориядагы балдардын биринчи агымын эс алууга жөнөтүүнү жеке өзү көзөмөлдөдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, балдардын эс алуусу 10-июндан башталып, 22-июлга чейин уланат. Биринчи агымга Чүй облусунан, Бишкек шаарынан, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 500 бала жөнөтүлүүдө.

Жалпысынан программада 6 агым пландалууда, ага 1200 бала – 1000 өспүрүм жана 200 майыптуулугу бар балдар кирет.

"Жайкы эс алууларды уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 15 млн сом бөлүндү. Мындан тышкары, 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин 600 майыптуулугу бар балдарга Президенттин резервдик фондунан колдоо көрсөтүлгөн", - деди министр.

Белгиленгендей, ар бир агым сөзсүз түрдө майыптуулугу бар балдарды камтыйт. Программа жайкы мезгилде калктын социалдык аялуу катмарындагы балдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун колдоого багытталган.

"Министрлик жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, майыптардын, камкордукка алынган, жетим балдардын, ошондой эле өзгөчө камкордукка муктаж жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жайкы эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруп келет", - деди Равшанбек Сабиров.