Эмгек министри 6 баланы тарбиялаган Назира Ботбаеванын фостердик үй-бүлөсүнө барды

Коом 828 18 Май 2025 11:52
499778111_1136651341837871_3849421028375657238_n.jpg
497808713_1136651561837849_7335032835660557180_n.jpg
497877767_1136651515171187_5298816667627723240_n.jpg
494567174_1136651708504501_2854711117682730088_n.jpg
495459457_1136652245171114_6564318893086801914_n.jpg
Алдыга
Артка
499778111_1136651341837871_3849421028375657238_n.jpg
497808713_1136651561837849_7335032835660557180_n.jpg
497877767_1136651515171187_5298816667627723240_n.jpg
494567174_1136651708504501_2854711117682730088_n.jpg
495459457_1136652245171114_6564318893086801914_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 18.05.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Энелер күнүнө карата алты баланы тарбиялап жаткан Ботбаева Назира – SOS-апага фостердик үй-бүлөсүнө барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Назира Ботбаева 2016-жылдан бери альтернативдик камкордук системасында иштеп келет жана бул убакыт аралыгында энелик чексиз сүйүүнүн жана ишке берилгендиктин үлгүсү болуп калды. Анын жолу жеке трагедия менен башталды – жолдошу каза болгондон кийин, ал өз кызы Мээрим да өзүн жалгыз сезбеши үчүн, кароосуз калган балдарга үй-бүлөсүнүн жылуулугун берүүнү чечти.

"Баланы багып, окутуп, тарбиялоо – бул өзүң да үйрөнүп, өсүп, өзгөрүү дегенди билдирет", – дейт көп балалуу эне.

Балдар айылына отурукташканга чейин Назира жарым жылдык стажировкадан өтүп, башка үй-бүлөлөрдү байкап, өз күчүн баалап, фостер-эне болуу чечимин кабыл алган. Бүгүнкү күндө анын үйүндө камкордук, колдоо жана өз ара жардамдашуу атмосферасы өкүм сүрөт. Балдар ийгиликтүү окуп, спорт менен машыгып, чыгармачылык менен алектенип, таланттарын өнүктүрүп жатышат. Алардын арасында музыканттар, спортчулар, сүрөтчүлөр жана бийчилер бар.

Министр Равшанбек Сабиров өлкөдө фостердик камкордук институтунун маанилүүлүгүн белгиледи:

"Назира Ботбаевага окшогон үй-бүлөлөр чыныгы ата-энелик сүйүүнүн жана социалдык жоопкерчиликтин үлгүсү болуп саналат. Министрлик ар бир бала өзүн керектүү жана сүйүктүү сезиши үчүн камкордуктун альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүүнү жана колдоону улантат",-деген.