Кыргызстанда билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Билим берүү – бул коомдун келечегин аныктоочу маанилүү тармак. Анын сапаттуу болушу үчүн мугалимдин эмгек шарттары, укуктары жана кызыкчылыктары корголушу керек. Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылында мугалимдердин эмгек акысы жогорулай турганын маалымдады. Бул алардын социалдык абалын жакшыртууга гана эмес, ишмердүүлүгүн жана жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түзөт.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө акыркы жылдары билим берүүнүн сапатын жакшыртууга мамлекеттик деңгээлде олуттуу колдоолор көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
“Ошондой эле райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу борборлорун унаа менен камсыз кылуу маселеси чечилүү алдында турат.
Бул системалык колдоо бизди шыктандырат жана эмгекке болгон мамилебизди, жоопкерчиликти жогорулатат”, - деди министр.
Билим берүү маселелери боюнча серепчи Асылбек Жоодонбековдун айтымында, мындай маалымат педагог катары аны дагы кубандырган.

“Бул жалпы мугалимдер үчүн жагымдуу жаңылык. Мындай колдоо мугалимдердин ишмердүүлүгүн арттырып, жаңычылдыкка шыктандырат.
Айлык маянанын көтөрүлүшү мугалимдердин жашоо-шартын жакшыртып гана тим болбостон, алардын жаңыча иштөөсүнө түрткү берет. Анткени, учурда өзгөчө Бишкек жана Ош сыяктуу шаар жерлеринде мугалимдердин айлык маянасы жетпей калып жатат. Бул эч кимге жашыруун эмес. Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү тууралуу демилге педагог катары мени дагы кубандырды”, - деди ал.
Мындан тышкары, учурда 12 жылдык билим берүү форматына өтүүнүн алкагында мугалимдер үчүн жаңы методикалык ыкмаларды үйрөнүү, тажрыйба алмашуу жаатында бир катар семинар жана форумдар өткөрүлүүдө.

Алсак, учурда Ысык-Көлдө “Жаңылыктын жарчысы” аттуу педагогикалык семинар-форуму өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 800дөн ашуун педагог катышууда. Форумдун негизги максаты — Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоого багытталган “Алтын Казык” программасын илгерилетүү.

Форум модулдук форматта уюштурулуп, катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги аспекттерин: жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартын жана предметтик стандарттарды киргизүү, жаңы окуу программаларын жана окуу китептерин колдонуу, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмаларын пайдалануу, ошондой эле мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңыланган курстарды уюштурууну ырааттуу жана терең өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогоруталуу, жаңы педагогикалык ыкмаларды жана технологияларды колдонуу максатында жыл сайын “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагы өткөрүлүп келет.

Сынак бир катар этаптардан туруп, жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат. Бул дагы мугалимдерди билим берүүдө жаңы ыкмаларды үйрөнүп, жаңыча иштөөсүнө жана шыктануусуна түрткү берет. Сынак окутуучулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана жаңы инновациялык ыкмаларды жайылтуу үчүн маанилүү платформа болуп калды.