«Елизавета» курулуш компаниясына бир катар мыйзам бузганы үчүн айып салынды

Коом 13 июнь 2025 09:45
505895106_1156135919895594_8458946022004535350_n.jpg
506795345_1156135933228926_4829073388691124887_n.jpg
505906727_1156135986562254_5292427186226196951_n.jpg
506082085_1156135943228925_6962245286186095122_n.jpg
506113492_1156135913228928_6050574460853029232_n.jpg
506068312_1156135979895588_2662091379380555862_n.jpg
506752147_1156135869895599_8511652114384886489_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө «Елизавета» курулуш компаниясы тарабынан көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жумабек көчөсү 199 дарегинде жумушчулар техникалык подъезд түзүү максатында ирригациялык системаны өзүм билемдик менен бетондоп алышкан.

Окуя болгон жерде жолдун булганышы катталган. Ошондой эле антисанитардык абал жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу боюнча протоколдор түзүлдү.

Жалпы суммасы 76 миң сомго барабара айып салынып, «Елизавета» ЖЧКнын өкүлдөрүнө мыйзам бузууларды жоюу тапшырмасы берилди.

Муниципалдык инспекция курулуш иштери жүрүп жаткан жана ага жакын аймакта тазалыкты жана тартипти сактоого, борбордун жолдорунун булгабоо үчүн аянтчада дөңгөлөк жуугуч станция иштеши керек, өндүрүш калдыктарын сактабоо, таштандыларды уруксат берилбеген жерге ыргытпоону эскертет.