Элге жаккан депутаттар кайрадан шайланышты - Чолпонкул Арабаев

Пикир Загрузка... 01 Декабрь 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-12-01 at 16.35.42.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Мурунку чакырылыштарда элге жаккан, ишенимге ээ болгон депутаттар бул шайлоодо кайрадан элдин колдоосуна ээ болушту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин түз эфиринде Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы 30 жыл ичинде парламентке байланыштуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып келген.

“Бул сындардын негизинде эл өз баасын берип, ишенимди актабаган айрым депутаттарды кайра шайлаган жок. Бирок, ошол эле учурда эл менен байланышын үзбөй, убагында убадасын аткарган, конкреттүү иштерди бүтүрө алган эл өкүлдөрүнө кайрадан ишеним көрсөтүлдү. Эл алардын аракетин баалап, кайрадан тандап алды. Бүгүнкү күндө негизги иштерди өкмөт аткарса да, маселени көтөрүп, демилге көтөрүү депутаттардын милдети.

Элдин жаңы чакырылыштан үмүт чоң. Айрым жарандар буга чейин ката кетирген депутаттарды кечирип, “өзүбүздүн уулубуз, кызыбыз” деп дагы бир мүмкүнчүлүк беришти. Биздин эл кечиримдүү. Бир жолу ишеничти актабаса да, экинчисинде туура иштеп кетер деп үмүт кылгандар көп. Бирок, эми жаңы шайланган депутаттар ошол ишенимди актап, элге кызмат кылышы керек. Жаңы чакырылыштан негизги күтүлүп жаткан нерсе – мыйзам долбоорлорун ыкчам кабыл алып, өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү берүү. Экономика, социалдык саясат, айыл чарба – бардык тармакта активдүү болуш керек. Жөн эле саны бар, сапаты жок мыйзамдарды кабыл алып, отура беришпей, чындап элдин турмушуна таасир эткен чечимдерди кабыл алыштары зарыл. Элдин үмүтү чоң, ошол үмүттү акташ керек”,- деп белгиледи ал.