Элет эли: Айылда мал дагы асфальт менен басып калды

Аймак Загрузка... 28 Январь 2026 11:46
11.png
copyright icon Кабар

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине туура 5 жыл болду. Бул убакыт аралыгында өлкөнү ирдентпей келген криминал жок кылынды. Мите курттай соргон коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жүрдү. Тышкы саясат ырааттуу жүргүзүлүп, эң оор болгон чек ара маселесине чекит коюлду. Мындай иштердин натыйжасы экономикалык өнүгүүнү камсыздады.

ИДПнын өсүшү, бюджеттин көбөйүшү карапайым калктын жашоосун өзгөрттүбү? Эл жон-териси менен сезип жатабы?

Бул суроолорго алыскы тоо койнундагы элеттин турмушу аркылуу баяндоо менен жооп издеп көрөбүз.