Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өсүп, өлкөнүн чекене товар жүгүртүүсүнүн 14 пайыздан ашыгын ээлеп калды. Бул тууралуу КР Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстандагы көлөм болжол менен 428 млн долларды түзгөн. Быйыл минималдуу 15 пайызга өсүү пландалууда, бул болжол менен 525 млн долларды түзөт. Бул импортту жана экспортту кошпогондогу ички рыноктун көлөмү.
"Чындыгында, электрондук коммерция Кыргызстанда көпчүлүктүн оозунда. Бул түшүнүк 2021-жылы Экономика жана коммерция министрлиги жана биздин ассоциация тарабынан биргеликте иштелип чыккан Электрондук соода жөнүндөгү мыйзам менен киргизилген. Электрондук коммерция эмнени камтыйт? Биринчиден, бул товарларды жана кызматтарды маалыматтык-коммуникациялык каражаттар аркылуу аралыктан сатуу жана аралыктан нак эмес жол менен төлөө. Башкача айтканда, алыстан сатып алынган жана төлөнгөн нерселердин бардыгы", — деп айтып берди Күрөңкеев.
Ал электрондук коммерция товарларды сатууну гана эмес, кызмат көрсөтүүнү да камтый турганын баса белгиледи. Бул өзгөчө Кыргызстан үчүн маанилүү, анткени экономиканын олуттуу бөлүгүн чакан жана орто бизнес, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү түзөт.
"Бул секторду өнүктүрүүнүн келечеги абдан жогору. Кыргызстан чындап эле электрондук коммерциянын жогорку өсүү темпин көрсөтүүдө. Дүйнөлүк рыноктун өзү болжол менен 27 трлн долларды түзөт, анын ичинен чекене бөлүгү үч триллионго жакын. Бизде болсо акыркы төрт жылда — 2021-жылдан 2025-жылга чейин — экономикада салыштырмалуу аз үлүштү (жарым пайыз) ээлеген сектор бүгүнкү күндө чекене товар жүгүртүүдө 14 пайыздан ашык өстү. Бул тенденция күч алуусун улантууда: барган сайын көп ишкерлер онлайнга өтүп жатышат, анткени бул чоң сатуу рыноктору, автоматташтыруу жана чыгымдарды натыйжалуу бөлүштүрүү", — деп белгиледи ассоциациянын президенти.
Күрөңкеевдин айтымында, кыргызстандык ишкерлердин эл аралык аянтчаларга чыгышы экспорт үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Бир платформа менен, мисалы, россиялык же кытайлык платформа менен иштөө, өзүнчө бир өлкөгө экспорттоодон да көп болушу мүмкүн. Бул дароо ондогон рыноктор. Ишкер кирешесин көбөйтүп, көбүрөөк салык төлөп, өндүрүшүн кеңейте алат. Өлкө экономикасы үчүн — бул ачык кирешелер, салыктык түшүүлөр жана социалдык чегерүүлөр, ишкерлер үчүн — глобалдык рынокторго чыгуунун чоң потенциалы, ал эми калк үчүн — товарлардын кеңири тандоосу жана жеткиликтүү баалар. Бул бары үчүн пайдалуу", — деп жыйынтыктады ал.