Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. "Электрондук нотариат" системасынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, системага кирүү бүгүн, 4-июлда Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасын ("Э-нот") "Өкмөттүк булутка" (G-Cloud) көчүрүү боюнча техникалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу убактылуу токтотулду.
Иштер саат 22:00дөн кийин башталып, болжол менен 5-июлда саат 04:00гө чейин уланат.
Көрсөтүлгөн мезгилде нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү мүмкүн болбойт.
Юстиция министрлиги жарандардан жана юридикалык жактардан нотариустарга кайрылууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.
Техникалык иштер аяктагандан кийин "Э-нот" системасы штаттык режимде ишин улантат.